RU
Контентчи
Контентчи
цели
0 из 1 000 платных подписчиков
Когда наберем 1000 подписчиков, то сможем больше времени уделять платформе.
0 из $ 113 собрано
Так мы сможем начать финансировать лучших авторов платформы!

Контентчиде биринчи постуңузду жарыялаңыз. Кантип кылса болот?

Эгер сиз контентчиге жаңы эле кошулуп, эмнеден баштаарыңызды билбей жатсаңыз, бул макалада сиздин жашооңузду оңойлотуш үчүн идеялар менен бөлүшөбүз. Эгер кошула элек болсоңуз бул жактан кошулуңуз.
Барак ачыңыз
Адегенде, барак ачып алыңыз. Ал “кошуу” баскычы аркылуу кылынат.
Контентчинин башкаруу панели
Бул жерде “Запись” баскычын тандайсыз. Ошондой эле Окуя жарыяла бөлүмү аркылуу дагы кылсаңар болот. Бирок, ага башка инструкция даярдайбыз. Азыркы инструкция, бул негизги панел аркылуу кылынчу ыкмаларга тийиштүү.
Сүрөттөрдү кошуңуз
Сиздин темага тиешелүү сүрөттөр керек болушу ыктымал. Unsplash фотохостингинен сүрөттөрдү дароо жүктөңүз же өз эс тутумуңуздан сүрөттөрдү кошуңуз.
Алар үчүн таякча /unsplash же /изображение деп териңиз. Ачылган терезелерге жараша ээрчиңиз
Галереяларды куруңуз
Окуяны толук баяндап бергенге галерея керекпи? Өзүңүз каалаган көрүнүштөгү галереяларды куруңуз. Ал үчүн жаңы абзацтан «+»‎ белгисин басып, Gallery баскычын тандаңыз.
Сурөт галерея ачуу
Сиз байкагандай, бардык куралдарды кошуу «+»‎ белгиси аркылуу да ачса болот.
Оңдоңуз
Оюңузду туура уюштуруш үчүн Drag & Drop ыкмасы менен керектүү объектти каалаган жериңерге жайгаштырып, каалагандай оңдоңуз. Ал үчүн сүрөттө көргөзүлгөн чекиттерге басып, коё бербестен каалаган оорунга жылдырыңыз.
Drag & Drop (Сүйрөп ташта) ыкмасы
Youtube / Vimeo
Youtube же Vimeoдогу видеону чыгаргыңыз келеби? Жөн гана шилтемесин редакторго таштаңыз. Редактор автоматтык түрдө видеону чыгарып берет. 
Twitterден цитата кылыңыз
Твиттердеги посттун шилтемесин же кыноо кодун редакторго таштаңыз. Жогорудагы ыкма сыяктуу эле чыгарып берет.
Музыка кошуңуз (Soundcloud, Spotify, Bandcamp)
Жөн гана шилтемесин таштаңыз. Редактор ырды өзү чыгарып берет.
Подкаст жүктөңүз
Жазган сиз үчүн эмеспи? Эгер сиз подкаст жөнүндө ойлонуп жатсаңыз, контентчиде сиздин подкасстарды уюштуруу мүмкүнчүлүгү да каралган. Подкаст кошуу үчүн подкастыңыздын кыноо кодун редакторго коюуңуз.
Инстаграмдан пост жүктөңүз
Инстаграмдын кыноо кодун колдонуп, каалаган постту макалаңыздан чыгара аласыз. Ошондой эле, шилтеме аркылуу да орнотсоңуз болот.
Мукаба сүрөтүн орнотуңуз
Редактордун оң башынан «Изображение записи»‎ баскычына басып, посттун мукаба сүрөтүн орнотуңуз. Сүрөт менен макалаңыз жагымдуу көрүнөт. Мукаба сүрөттү «Установить изображение записи» баскычына басып, Unsplash аркылуу же көчүргүч аркылуу өз эс тутумуңуздан көчүрүп орнотсоңуз болот.
Бөлүмдү тандаңыз
Сиздин контентти тийиштүү бөлүмгө жайгаштырсаңыз, өз окурмандарыңызды батыраак табасыз. Керектүү бөлүмдөрдү тандаңыз. Биринчи оорунга негизги бөлүмдү жайгаштырыңыз.
Эми учур келди
Баардыгы бүткөн соң, күйөрмандарыңыз менен бөлүшүңүз.
Ошондой эле черновик катары сактап же алдын ала көрүп чыксаңыз болот.
Суроолор барбы? Биздин facebook баракка кайрылыңыз же kontentchiplatform@gmail.com дарегине кат жөнөтүңүз! Баардык суроолорго жооп беребиз😉

Уровни подписки

Жөнөкөй

$ 2,26 в месяц
Жөн гана чын жүрөктөн колдоо

Орточо

$ 3,4 в месяц
Жабык тексттерге мүмкүндүк алуу

Жогорку

$ 7,9 в месяц
Пландарыбыз жөнүндө постторго мүмкүндүк алуу
Наверх